www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаарынын жана Баткен облусунун неонатология бөлүмдөрүнө беш жасалма дем алдыруучу аппарат берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан "Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө" долбоорунун алкагында сатып алынган. Жабдуунун жалпы наркы 65 миң доллардан ашты.
Медициналык жабдык жаңы төрөлгөн ымыркайларга, анын ичинде оор абалдагы жана дем алуу жетишсиздиги бар балдарга өмүр үчүн маанилүү жардам көрсөтүүгө арналган.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасына көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, берилген жабдуу өлкөнүн неонаталдык жардамды күчөтүү жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча приоритеттерине толук шайкеш келерин белгиледи.