www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 24-сентябрдагы жыйында шайлоону иш күнүндө өткөрүү жарандардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатат деп билдирди.

Анын айтымында, шайлоого канчалык көп адам катышса, добуштарды сатып алуу сыяктуу коррупциялык схемаларга мүмкүнчүлүк ошончолук азаят.

Маматалиев шайлоо күнү иштеген жарандардын айлыгы кадимкидей эсептелерин белгиледи. Шайлоого катышуу боюнча маалыматтар кийин БШКдан алынып, тиешелүү тизмелер менен салыштырылат.

Ошондой эле төрага Конституцияга ылайык, шайлоого катышкан президент жана депутаттар жаңы шайлоо аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын улантарын айтты. Бул мамлекеттик туруктуулукту камсыз кылуу үчүн каралганын белгиледи.

Мындан тышкары, Маматалиев үгүт иштерине тартылуучу адамдардын саны кыскартылганын айтып, муну демократиялык принциптердин алкагындагы өзгөрүү катары баалады.

Депутаттар 24-сентябрдагы жыйында шайлоонун күнүн расмий бекитишти.

Последние новости