www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү жакынкы айларда 451 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Climate Impact Lab изилдөө уюмунун божомолуна таянып, РИА Новости жазды.

Адистердин эсеби 2026-жылдын июнунан 2027-жылдын февралына чейинки мезгилди камтыйт. Эгер «супер-Эль-Ниньо» жаз айларына чейин улана турган болсо, каза болгондордун саны мындан да көбөйүшү мүмкүн.

Божомолдорго ылайык, жакынкы айларда дүйнө боюнча кургактыктагы орточо температура климаттык нормадан 1,2°C жогорулашы күтүлүүдө.

Эль-Ниньо 50дөн ашуун өлкөгө таасир этиши мүмкүн. Өзгөчө Нигерия, Индонезия, Судан, Индия жана Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө кесепети оор болушу ыктымал.

Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү суунун температурасы жогорулаганда пайда болгон климаттык кубулуш. Ал адатта 2–7 жылда бир кайталанып, 9–12 айга созулат.

Последние новости