www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын Аскер-аба күчтөрүнүн курамында өлкөнүн спутниктерин космостогу мүмкүн болгон коркунучтардан коргоого багытталган алгачкы атайын эскадрилья түзүлдү.

Жаңы 3-космостук операциялар эскадрильясы аскердик спутниктердин навигация, байланыш жана ракеталардын учурулушун эскертүү системаларына тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон аракеттерге каршы иш алып барат.

Бөлүк радиоэлектрондук күрөштүн заманбап каражаттарын колдонуп, сигналдарды басаңдатуу жана электрондук системалардын ишин үзгүлтүккө учуратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Британия бийлиги эскадрилья коргонуу жана чабуул коюучу космостук операцияларга катышарын билдирген.

Британиянын Аскер-аба күчтөрүнүн башчысы Харв Смит космосту эми аскердик атаандаштыктын түздөн-түз талаасы деп атады.

Лондон 2030-жылга чейин космостук чалгындоо, байкоо жана космостук мейкиндикти көзөмөлдөө багытына 880 миллион фунт стерлинг бөлүүнү пландоодо.

Ошол эле учурда Британия орбитадагы объектилерди жок кылуучу спутникке каршы ракеталардын сыноолорун өткөрүүдөн баш тартканын белгиледи.

Последние новости