www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кезексиз парламенттик шайлоого карата Кыргызстандагы энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, негизги максат — шайлоо күнү добуш берген жарандарды жана бардык шайлоо участокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.
30-ноябрдан тарта 1 200дөн ашуун адис күнү-түнү нөөмөттө болот, дагы 383 көчмө бригада жогорулатылган даярдык режиминде иштейт. Мекеме мүмкүн болуучу аварияларга ыкчам жооп берүү үчүн атайын техника, кызматтык унаалар жана керектүү материалдарды даярдап койду.
Электр жарыгы боюнча көйгөйлөргө туш болгон жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрыла алышат:
Кол-борбор: 1209, 105
Операторлор: 0772 00 12 09, 0556 00 12 09
WhatsApp: 0702 00 12 09