www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар үчүн дүйнөнүн 34 өлкөсүндө жана 89 шаарында шайлоо участкалары иш алып барат. Бул тууралуу эл аралык байкоочулар үчүн өткөрүлгөн маалымат брифинги учурунда БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Төраганын айтымында, өлкөдөн сырткары жүргөн жарандардын шайлоо укугун камсыздоо үчүн Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участкасы ачылды.

“Тышкы миграциянын жогорку деңгээлин эске алуу менен чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештердин добушу абдан маанилүү.

Алардын ичинен Россиянын 31 шаарында, алардын ичинен 15 жаңы шаарында 40 шайлоо участкасы уюштурулду.

Андан сырткары, Түркияда - 8, Казакстанда - 7, АКШда - 6, Кореяда - 4, Италияда - 3 жана ошондой эле Германия, Кытай, БАЭ, Сауд Аравиясында 2ден участкалар ачылды. Калган 24 өлкөдө бирден уюштурулду”,-деп белгиледи Шайназаров.

Булак: Кабар 

Последние новости