www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 3-февралында Кыргызстандын 16 жараны EPS программасы аркылуу Корея Республикасында эмгектенүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору катышуучулар үчүн 5 күндүк алдын ала окутуу өткөрдү. Окутуунун негизги максаты – корей тилин өркүндөтүү, маданий адаптация жана жумуш чөйрөсүнө көнүү болгон.
Окуу программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
Маданияттар аралык түшүнүшүү жана адаптация – Кореянын маданияты жана тарыхы менен таанышуу.
Социалдык нормаларды билүү – жүрүм-турум эрежелери, эмгек этикасы жана каада-салттар.
Корей тилин тереңдетип үйрөнүү – ийгиликтүү иштөө жана интеграция үчүн тил деңгээлин жогорулатуу.
Практикалык даярдык – жетекчилик жана кесиптештер менен натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору акыркы 18 жыл ичинде кыргызстандыктардын Кореяга ишке орношуусун ийгиликтүү уюштуруп келет. Кореянын Эмгек министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 5 000ден ашуун КР жараны расмий ишке орношкон.
Учурда EPS программасынын негизинде Кореяда 1 500дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алар негизинен өндүрүш тармактарында – тамак-аш, химиялык өнөр жай, кагаз, пластик, резина жана айнек чыгаруучу заводдордо иштешет. Орточо эмгек акы – 1 700 АКШ доллары, жашоо жана тамактануу чыгымдары жумуш берүүчү тарабынан толук же жарым-жартылай каржыланат.
Маанилүү: EPS программасына катышуу үчүн корей тилин билүү талап кылынат.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору келечекте да кыргызстандыктардын эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерин улантат.