www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Сейсмология институту Бишкек шаарынын тургундары сезген жер титирөө боюнча маалыматты жаңылады.

Жер титирөө 12-сентябрда саат 13:57де катталган. Очогундагы күчү болжол менен 4,5 баллды түзгөн, магнитудасы (энергетикалык классы К=9,3). Mpv=4,0

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашкан: Горная Маевка айылынан 5 км түндүк-батышта, Арашан айылынан 8 км түндүк-чыгышта, Нижняя Серафимовка айылынан 11 км түштүк-батышта жана Бишкек шаарынан 20 км түштүк-чыгышта.

Горная Маевка, Арашан, Нижняя Серафимовка айылдарында, ошондой эле Бишкек шаарында 4 баллга чейинки силкинүү сезилди.

Последние новости