www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин саясатчылар, аткаминерлер саясий чөйрөдөн сүрүлүп  же кызматынан алынып калса эле мусапырдын кейпин кийип, динди чапан кылып жамынып, түрүн өзгөртүп, оозунан 5 маал келме түшпөгөн  молдого айланып чыга калышат. 

Мындай образды далай ирет көрдүк. Алыс барбайлы, мурдагы Энергетика министри Доскул Бекмурзаев, УКМКнын мурдагы төрагалары Мурат Суталинов менен Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаровдун "кылыктары" ачык мисал. 

Эми алардын катарын Алтынбек Сулайманов толуктаптыр десек жарашат. 

Дегенибиз,  Алтынбек мырза ай сайын дааватка чыгып, дин жолунда жүргөнүн шардана кылды. Ал өз сөзүндө дааватка чыгып Жаратканды тааныганын, ага чейин тааныбай жүргөнүн, жалган жашоого эмнеге келгенин түшүнгөнүн, коомго, элге, доско, тууганга кандай мамиле кылыш керектигин, кантип уктап, кантип тамак ичиш керектиги тууралуу жашоонун эрежелерин үйрөнгөнүн журналист Эннис  Кыязовго берген маегинде саймедиреди.

Албетте, ыйманга келгени дурус. Түбөлүгү түз болсун дейли. Дегенибиз, динди бетке кармап, дин жолунда жүргөн такыба көрүнүп упай топтогон эки жүздүүлүк өкүм сүрүп турган чакта,  кыргыздын өзөгүн чангандардын катарын толуктап калбаса болгону.

Последние новости