www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көп мандаттуу 19-шайлоо округу болгон Сокулук районунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев мандатын тапшыруу тууралуу БШКга арыз жазды.
Бул маселе бүгүнкү БШКнын жыйында каралат.
Эми анын ордуна тизмедеги кийинки көп добуш алган "Көк бөрү" федерациясынын башчысы Рамис Жунусалиев келиш керек болчу. Бирок былтыр УКМК тарабынан алдамчылыкка айыпталып кылмыш иши козголуп камакка алынган. Андыктан мандат алабы белгисиз.
Эгер мандат алууга мыйзам жол бербесе, андан кийин 4 746 добуш алган Сариев Уланга мандат тийиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары ар кандай себептер менен өз ыктыяры менен деген негизде мандаттарын тапшырышкан.