www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиянын түндүгүндө жайгашкан Жабал эль-Лауз тоолуу аймагына кар түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Интернет беттерине жергиликтүү тургундар кар жаап жаткан учурдагы сүрөт жана видеолорду жарыялап жатышат. Алар кар жааганынын урматына тоолордо мелдештерди уюштуруп, чана жана лыжаларды ижарага беришкен. Ал эми балдар кар менен ойношкон.

Башкалардан айырмаланып, бул табигат кубулушуна реакция билдирбеген төөлөр гана болгон. Алар кар жааганын алгач көргөндүктөн, бул учурга "нес" болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Бирок жаныбарлар мындай стрессти татыктуу көтөрүп, жөн гана кыймылдабай, кардын жаап бүтүшүн күтүп жатышканы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости