www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда туристтердин жана жергиликтүү тургундардын керектөөчүлүк укуктарын коргоо боюнча маалыматтык кампания жүрүүдө.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган учурда кайда жана кандай тартипте кайрылуу керектиги тууралуу маалыматтарды QR-код аркылуу жеткиликтүү кылды.
Маалыматтык кампаниянын алкагында туристтер көп барган аймактарга QR-код камтылган атайын көрнөк-жарнактар орнотулду. Кодду телефон аркылуу сканерлөө менен керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу маалыматты кыргыз, орус жана англис тилдеринде окууга же тиешелүү видеону көрүүгө болот.
Жарандар сапатсыз товар сатылган, акчаны кайтаруудан баш тартылган, баада алдамчылык же жашыруун төлөмдөр аныкталган учурларда тиешелүү кызматка кайрыла алышат.
Ошондой эле мейманканада жашоо, брондоо, жеткирүү же экскурсиялык кызмат көрсөтүү шарттары бузулганда, ошондой эле кардарга кошумча кызматтар мажбурлап таңууланган учурда арыз берүүгө болот.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай учурларда чек, квитанция, келишим, брондоо документтери, кат алышуулар жана фото-видео материалдар сыяктуу далилдерди сактап калуу зарылдыгын эскертти.