www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарында жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча жыйын өтүп, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
18-августта Талас шаарында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.
Жыйында билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыгы, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас облусунда өткөрүлө турган ири иш-чараларга даярдык көрүү маселелери каралды.
Министр мектептерде психологдор үчүн штаттык бирдиктерди киргизүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, окуучуларды жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз кылуу жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча маселелерге токтолду.
Мындан тышкары, билим берүү мекемелериндеги капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана мектептердин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдыгын камсыз кылуу боюнча иштер талкууланды.
Жыйында Талас облусундагы билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү Агартуу министрлиги менен биргеликте чечүү жолдору да каралды.