www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишим жөнүндөгү кылмыш ишине тиешеси бар делинген мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Kaktus.media маалымат ресурсунун суроолоруна жооп берди.

- Коомчулукта эмне үчүн сиз Сапар Исаковду жактоого алганыңызга кызыккандар арбын?

- Бул мен иштешип калган бирден бир премьер-министр. Ал Кыргызстандын “Ачык өкмөт” шериктештигине кирүүсүнө демилгечи болгон эле. Ошондой эле мени Жол коопсуздугу боюнча комиссияга чакырган. Мен үчүн зирек саясатчы – бул уга билген адам. Ал угуп жана жооп кайтарчу. Жарандык коомду угуп, ЖМКнын жана коомчулуктун суроо-талаптарына жооп кайтарып, ачык болчу.

 Дагы да бир нече себептер бар. Бийлик алмашкандан кийин мага жаңы бийликтин өкүмзорлугуна каршы туруп, анын улам  күчөп баратканына жол бербөө кызык.

Мен эски бийликтин кемчиликтерин чукуганга кызыкпайм, анткени көрүп турам, бүгүн эч нерсе өзгөргөн жок. УКМК, прокуратура, соттор – кара мүртөз көрсөтмөлөрдү ляппай деп аткарып жаткан баягы эле система бойдон калууда. Аны менен жогорку бийликтин ортосунда ачык айтылбаган, бирок иштеп турган келишим бар. Алардын саясий куугунтук жүргүзүп, элдин терисин сыйрып аткандарын болсо бийлик “байкамаксан” болот. УКМК, прокуратура, соттор – бул элди саап аткан, бирок жогорку бийликке абдан ыңгайлуу коммерциялык корпорация.

Үчүнчү себеп – оппозициянын, саясий атаандаштыктын жоктугу. Мунсуз чектөө же жана каршы туруу системасын түзүүгө мүмкүн эмес. Мен мына ушундайча президенттик тик бийликке каршы туруу менен өз салымымды кошуп жатам.  Мен жактоочу-философмун, аракетим каршы турууну түзүү жана мында мен капканда калган президентке маанилүү сигналдарды жиберип атам деп эсептейм. Бирок ал жарандык коомду укпай жатат.

- Сапар Исаковду ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча коррупцияга айыпташууда. Мунун канчалык негизи бар?

- Коррупция – бул кылмыш эмес, коомдук көрүнүш. Ага эч кандай кылмыш аракети боюнча күнөө коюшкан жок. Далилдерди чогулутуп кыйналбас үчүн коррупцияга айыптай салуу – эң эле жеңил иш. Эгерде бул кызматынан кыянаттык менен пайдалануу же пара алуу болгон болсо, анда муну далилдешке туура келет. Айыптоодо укуктук ырааттуулук жок. Тергөөчүлөр аны ушул маселе менен алектенген деген гана курулай сөз менен айыпташууда, мында анын ыйгарым укуктарыналуу чектелген эмес, ал өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында иш-аракеттерди жүргүзгөн. Ал эмнени бузду?

https://kaktus.media/lenta4/static/img/3x2.jpg- Сапар Исаков парламентте ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимде өзүнүн ролу кандай болгонун айткан эле.  Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы  катары КЭРдин төрагасы Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарын даярдоогожооптуу болгонун айткан. Ошондуктан ал эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн документтерин техникалык жактан даярдоого жооптуу болгон жана алардын ичинде ЖЭБди модернизациялоого КЭР тараптан кредит жана грант бөлүп берүү маселеси да болгон. Сиздин пикириңизде анын ушул маселедеги ролу кандай?

- Кытай тарап менен макулдашуунун долбоорун Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү даярдаган. Анын колу коюлган өкмөттүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 649 токтому чыккан.  Кытайдын Эксимбанкы менен кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентке киргизилген. 2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБди модернизациялоо үчүн кредит менен грант жөнүндөгү келишимди ратификациялаган. 23-декабрда ага президент кол койгон.

ЖЭБди модернизациялоо, кредит, аткара турганды кытай тарап тандай турганы жөнүндөгү чечимди ошол кездеги бүткүл саясий элита кабыл алган. Муну кытай тараптын 2013-жылдын 31-октябрындагы “ТВЕА долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп бекитилгендиги” жөнүндөгү расмий нотасы күбөлөндүрүп турат.

Жантөрө Сатыбалдиев ТВЕА менен түзүлгөн контракттын аткарылышына жооптуу болгон, бул 2013-жылдын 11-сентябрындагы келишимде көрсөтүлгөн. Андан ары долбоор менен Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү алектенип, ТЭНи даярдоо жүргүзүлгөн. Темир Сариевдин тушунда болсо жабдууларды сатып алуу, эскини бузуу жана башка техникалык иштер башталган. ЖЭБди модернизациялоону Сооронбай Жээнбеков аяктаган, ошондой эле 2017-жылдын 7- июлундагы бүткүл долбоорду акты менен кабыл алуу да анын тушунда болгон. Премьер-министр болгон учурда Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоо менен алектенген эмес.  

2013-жылдын 11-сентябрында 91 депутат келишимди жактырган, алардын арасында ЖКнын учурдагы курамынын өкүлдөрү: Асылбек Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Максат Сабиров, Өмүрбек Текебаев, Төрөбай Зулпукаров, Кожобек Рыспаев, Сайдулла Нышанов, Бахадыр Сулейманов болушкан.

Дээрлик бардык депутаттар ырааттуу иш кыла алышкан жок, анткени, эгерде видеодон карап көрсөңүз, келишимди тилдеринен чаң чыкканча коргоп чыгышкан ошолор эмес беле. Келишимде каражаттар Каржы министрлигине которулат деп айтылган эмес, бардык каражаттар Эксимбанктан түз эле кытайлык ТВЕА компаниясына которулган. Демек, ЖЭБди модернизациялоонун наркы “көтөрүлүп кеткен”  деген кептин тегерегинде көтөрүлгөн ызы-чуу маалыматтык чагымчылык болуп эсептелет жана ал коомчулукта айрым чиновниктер, анын ичинде Сапар Исаков да сатып алуулар менен алектенген же башка бир коррупциялык иштерге аралашкан деген пикирди жаратууга багытталган. 

Мен жактаган адам ошол кезде премьер-министр да, энергетика министри да, Жогорку Кеңештин депутаты да болгон эмес, бардык документтер боюнча президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысынын ыйгарым укуктарынын гана алкагында иштеген.

- Бирок Исаковду келишимди кабыл алууга эмес, ТВЕАнын кызыкчылыктарын коргогон деп айыптап атышпайбы...

- Айыптоонун бардык пункттары туруктуу коррупциялашкан кылмыштуу топ бар деген курулай тастыктоолорго толтура. Ал азыр деле ушундай ырааттуулукта: блогер Мурат Тунгешбаевди Казакстанга өткөрүп берүү жөнүндөгү чечим да топ тарабынан кабыл алынган деп жатышат.

- Жарыяланып кеткен, жетектөөчү эки бөлүмдүн башчылары Сапар Исаков менен Нурсулуу Ахметова кол койгон президент Алмазбек Атамбаевге жазылган кыскача кат туурасында да көп айтылды.  Кыязы, ТВЕАнын кызыкчылыгын коргогон деп ушуну аташты окшойт. Сиз кандай ойдосуз?

- Өз ыйгарым укуктарынын алкагында Исаков президенттин аппаратынын финансы-экономикалык анализдөө жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова менен биргелешип, өлкөнүн энергетика тармагына инвестицияларды тартуу зарылдыгы жөнүндө өзүнүн түздөн түз жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин атына аналитикалык кыскача кат даярдаган. Мен эки бөлүм башчы жазган бул кат менен кунт коюп таанышып чыктым. Анда кызыкчылыкты коргоо туурасында кеп да жок. Катта Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевге энергетика тармагынын начарлап бараткан ахыбалы, кургакчылдык, ЖЭБдин жүктү көтөрө албай тургандыгы, ошондуктан жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоодо тобокелчиликтер бар экендигин маалымдаган. Бааларды келтирип, аларды ылдыйлатуу жөнүндө бардык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгилеген. Ал бир компанияны сунуштаган эмес.

Компанияны кытай тарап тандап алган, бул туурасында КЭРден бир нече расмий ноталар бар. Жардам бере турган Кытай болгон соң, долбоордун кандайча ишке ашырыла турганын да өзү чечкен.

- Сиз Сапар Исаковдун иши – саясий оппоненттерди куугунтуктоо деп бир нече жолу ачык айттыңыз. Эмнеге мындай ойго келдиниз?

-Иштин материалдары менен алдын ала таанышып чыккан соң мен айыптоодогу укуктук ырааттуулукту көрбөй турам. Сапар Исаков – коррупция менен күрөшүмүш этип жаткан түр көрсөтүш үчүн эң ыңгайлуу фигура.  Коомчулуктун айдактоосу, анан айрым адамдардын табалоосу менен ЖМКда, парламентте, соцтармактарда тиешелүү шарт түзүп, аны коррупционер кылып чыгарып коюшту.

 Аны отургузуп койгонго чейин депутаттар ишеним көрсөтпөй коюшту, президент болсо алардын чечимин колдоп койду. Исаков парламентти “саясий өлүк” деп атады. Ошентип депутаттар менен чатакташуу ага иш ачылганга чейин эле башталган эле.  Андан кийин анын ордуна, менин пикиримде, “колго үйрөтүлгөн”  премьер-министрди дайындап коюшту.

Сапар Исаковду мен канчалык көп жактаган сайын, ошончолук бузууларды көрүп атам жана мунун саясий куугунтук, саясий атаандаштарды четтеттүү экенине көбүрөөк ишенип жатам.  Ишке тергөө жүргүзүүдө кыянаттык менен пайдалануу ачык көрүнүп турат.  Айыптоо кайсы бир “оперативдик маалыматтарды” пайдаланамыш эткени менен аларды сотко бербейт, сот болсо талап кылбайт, айыпттоонун сөзүнө гана ишенип жатат. Соттук угуулар жана тергөө чоң бузуулар менен өтүүдө, бул болсо бир Сапар Исаков үчүн гана коркунуч туудурбайт.  Мындай абалдын түзүлүшү кимибизге болбосун, каршы иштеп кетиши ыктымал. Ойдон чыгарылган оперативдик маалыматтарга таянып алып, кимибизди болбосун каалагандай айыптай берсе болот.  

Жоопкерчиликти негизги документтерге кол койгон, чечим кабыл алган адамдар тартууга тийиш.

ЖЭБди модернизациялоодо Энергетика министрлиги негизги болгон. Башкы жоопкерчилик Осмонбек Артыкбаевде жатат. Ал мыйзам долбоорлорун гана даярдабастан, коомчулукту чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажыраткан. Өкмөт да, парламент да коомдук угууларды өткөргөн эмес. Ошондой эле калыстык катары ЖКнын профилдик комитеттеринин жетекчилеринин да жоопкерчилигин кароо керек.

2013-жылдын 11-сентябрында Кожобек Рыспаев ЖКнын отун-энергетика комплекси жана жер асты кендерин пайдалануу боюнча комитеттин чечимине кол койгон жана акча алуу келишимин жактырып берген. Долбоор Энергетика министрлиги жана “Электр станциялары” ААКсы тарабынан ишке ашырылган. Бардык документтерде долбоор боюнча бардык коммуникациялар Сапар Исаков эмес, ушулар тарабынан жүргүзүлгөн. 

Мында болсо Исаковго тагылган айыптоодо: “Исаков, 2013-жылда кызмат ээлөө менен, кызматын жана ошондой эле ошол кезде түзүлгөн, президенттин аппаратынын мамлекеттик башка институттарга үстөмдүк кылуу менен мүнөздөлгөн саясий конъюктураны өз кызыкчылыгына пайдаланган”, - деп айтылат.

Бул эми болбогон нерсе да. Сапар Исаков үстөмдүк кылуу системасын түзгөн деп айыпталып атабы? Ошондой болгон күндө деле бул берене эмес экени анык. Үстөмдүк кылуу системасын ийилип берип аткандар – парламент жана өкмөт түзүшүүдө.  Башкача айтканда, алардын ийилишине Сапар Исаков күнөөлүү болууда.    

https://kaktus.media/lenta4/static/img/3x2.jpg

 

 

 

Последние новости