www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самат Асаналиев Нарын шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Буйрукка калаа башчы Жылдызбек Беккелдиев кол койду.
С.Асаналиев экономист-менеджер жана юрист багыттары боюнча жогорку билимдүү.
Ал буга чейин, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук, документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жана Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
Ошондой эле Кочкор районунда акимдин орун басары, “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун директору жана Бишкек шаарында экономика жана финансы тармагында адис, бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.