www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактагы өндүрүштүк база мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Кемин районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2013-жылы Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактагы өндүрүштүк база жана ага тиешелүү 1 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы нарктык баасы 103 млн 243 миң сомду түзгөн турак үй жана 1 га жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.