www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук капчык, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан тейлөө ыкмалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Бул чаралар жарандардын сотко, мамлекеттик жана башка органдарга кайрылуу укугун натыйжалуу ишке ашыруусуна өбөлгө түзөт, ошону менен банкта накталай эсептешүү же которуу аркылуу төлөөгө чектөөлөр четтетилет.