www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 млн долларлык мүлкү аныкталды. Бул тууралуу 9-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчилери менен жолугушууда билдирди.
«Мага Алтынбек Абдуваповдун 55 млн долларлык мүлкү тууралуу айтышты. Ал Салык кызматынын жетекчиси болгон, а сиздер «бир тыйын да албайбыз» дейсиздер. Алтынбекке акча бердиңер беле? Ал Салык кызматында 10 жылдан ашык иштеген, бизнес менен алектенген эмес, жеке структуралар менен кызматташкан эмес. Бирок кантип 55 миллион доллар жыйнады? Кызматкерлер өздөрү эле «Биз ай сайын 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин берип турчубуз» дешти», деди Ташиев.
Ал Абдуваповдун бардык мүлкү конфискацияланарын, ал эми соттолорун белгиледи.
«Ал эң жакыр адам болот. Мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай мамлекеттик кызматта иштеп, байып, анан сотторго жана башкаларга кичине берип коюп, чыгып алып кайра "Жип" минип жүрбөйт. Андай убакыт өттү», - деп билдирди УКМКнын башчысы.
Белгилей кетсек, Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов 2025-жылдын 20-июлуна чейин камакта калтырылган. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан коррупцияга шектелип, 2024-жылдын декабрь айында кармалган.