www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада 2000ден ашуун адам ысыктан каза болду

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 23-июндан 2-июлга чейин Европанын 12 шаарынын 2300дөй тургуну каза болгон. Бул тууралуу «Meduza» Лондон Империал Колледжи менен Лондон Гигиена жана Тропикалык медицина мектебинин изилдөөсүнө таянып билдирди.

Окумуштуулардын айтымында, Милан (317 адам), Барселона (286), Париж (235), ошондой эле Лондон, Рим, Мадрид, Афина, Будапешт, Загреб, Франкфурт жана Лиссабондун жашоочуларынын өлүмү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу температуранын жогорулашына байланыштуу болууда.

Ашыкча өлүмдүн басымдуу бөлүгү (88 пайызы) 65 жана андан улуу курактагы адамдар арасында болот. Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, бул маалыматтар ден соолугу начар адамдар ысыктан эрте өлүмгө дуушар болуу коркунучунда экенин көрсөтүп турат.

Последние новости