www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге салык мыйзамдарынын ченемдери жөнүндө эскертти.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин ишенимдүү адамынын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы же үгүт кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн шайлоо өнөктүгү маалында талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунан жеке жактар тарабынан алынган каражаттарга киреше салыгы салынбайт.
Ошондой эле шайлоо өнөктүгү мезгилинде үгүтчүлөрдүн иши патенттик негизде салык салынуучу иш түрлөрүнүн тизмесине кирбейт.
Мындан тышкары үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери жана сый акысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.
Салык кызматы жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерди салык салууда салык мыйзамдарынын жоболоруна ылайык иш жүргүзүү зарыл экенин билдирди.