www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу NazarNews.kg кыскача сүртүмдөрдөн берип турабыз. 

Бул жолку каарманыбыз – Президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Аскат Алагөзов болмокчу. 
Учурда коом менен бийликтин ортосундагы ишеним көпүрөсүн “сындырбай” кармай турган жоопкерчиликтүү, татаал жана олуттуу маалыматтык саясаттын башында Президенттин пресс-катчысы Аскат Алагөзов турат десек жаңылышпайбыз.

Алагөзов акыркы мезгилдерде маалыматтык саясатты жаңы деңгээлге чыгарууга жан үрөп, ачык-айкындуулукка басым коюду. Ал коомдогу резонанстуу маселелерге ыкчам реакция жасап, маалыматтык боштук жаралбашы үчүн, Президенттин позициясын түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада коомчулукка жеткирүү аракетин көрүүдө. 

Пресс-катчы катары маалымат каражаттары менен болгон мамилени системдүү жана тең салмактуу жүргүзүүгө көңүл бурууда. Анын эмоцияга алдырбаган сабырдуулугу – мамлекеттик кызматкер катары этикага болгон жоопкерчиликтүү мамилесин, кесипкөйлүүлүгүн көрсөткүчү десек жарашат.
Алагөзовдун иш алып баруусунда байкала турган дагы бир өзгөчөлүк – заманбап медиа чөйрөгө тез адаптация боло билүүсү. Анын маалыматты берүүдөгү форматтарды, ыкмаларды өзгөртүп, социалдык тармактарды активдүү колдонуу менен кеңири аудиторияга жетүүдө. Ал – учурдагы маалыматтык коопсуздуктун, коом менен бийликтин ортосундагы түшүнүшүүнүн маанилүү фигурасы.

Последние новости