www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Дамирбек Осмоновдун катышуусунда перинаталдык кызматтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана аны 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, ошондой эле энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн тобокелдиктерин мындан ары азайтуу чаралары негизги көңүл борборунда болду.
Негизги баяндама менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева чыгып, перинаталдык кызматтын учурдагы абалы, негизги көрсөткүчтөрү жана мындан аркы өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берди.
Өлкөдө перинаталдык жардам медициналык жардамды көрсөтүүнүн этаптуулугун жана ырааттуулугун камсыз кылган үч деңгээлдүү система боюнча уюштурулган. Үчүнчү деңгээлдеги адистештирилген жардам Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Адамдын репродукциясынын кыргыз илимий борборунун базасында, ошондой эле түштүк аймагында - Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында көрсөтүлөт.
Учурда саламаттык сактоо системасында 2167 төрөт керебети, 741 гинекологиялык керебет жана кош бойлуулуктун патологиясы боюнча 521 керебет иштейт.
Белгиленгендей, кош бойлуу аялдарды антенаталдык байкоо менен камтуу туруктуу жогорку деңгээлде сакталууда жана 91,7% түзөт. Ошондой эле кызматтын инфраструктурасын чыңдоо боюнча иштер улантылууда: Талас жана Ош облустарында перинаталдык борборлордун курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлордун ишке ашырылышы аймактардагы аялдар үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана бейтаптарды маршрутизациялоо убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.
Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча энелердин өлүмүнүн себептерине кеңири талдоо жүргүзүлгөнү маалымдалды. Министрлик медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга, кадрдык потенциалды бекемдөөгө, кош бойлуу аялдарды маршрутизациялоо системасын өркүндөтүүгө жана кызматтарды санариптик интеграциялоого багытталган комплекстүү чараларды аныктады.
2030-жылга чейинки перинаталдык кызматты өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттары катары төмөнкүлөр белгиленди:
• акушердик-гинекологиялык жардамды профилактикага басым жасоо менен оптималдаштыруу;
• кош бойлуу аялдарга байкоо жүргүзүү жана бейтаптарды маршрутизациялоо системасын өркүндөтүү;
• антенаталдык байкоонун стандарттарын медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен кайра карап чыгуу;
• пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү;
• генетикалык лаборатория түзүү;
• үй-бүлөнү пландаштыруу жана аялдарды кош бойлуулукка алдын ала даярдоо иштерин өнүктүрүү;
• аймактык стационарлар үчүн аралыктан консультация берүү механизмин киргизүү;
• акушердик-гинекологиялык жана неонаталдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.