www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран мындан ары АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөбөйт жана согуш канчага чейин созулса, ошого чейин улантууга даяр. Бул тууралуу Ислам Республикасынын Жогорку лидеринин кеңешчиси Мохаммад Мохбер билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
"Биз америкалыктарга ишенбейбиз жана алар менен сүйлөшүү жүргүзүүнү да көздөбөйбүз. Биз согушту дал 8 жылдык "ыйык коргонуу" (1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушу) учурундагыдай эле каалаганча уланта алабыз", - деди ал.
28-февраль күнү эртең менен Израил жана Америка күчтөрү Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө максатында ага каршы аскердик операция башташты. Буга жооп катары Тегеран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы Американын буталарына сокку урду.
2-мартта Иран АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдөн баш тартты. Акыркы сүйлөшүүлөр аскердик операция башталганга эки күн калганда болгон.