www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Темирбек Эркинов ЮНИСЕФ уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Атап айтканда, вакциналарды туруктуу жеткирүү, аларды сатып алуу жана бөлүштүрүү механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле иммунизация программасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду.
ЮНИСЕФ тарабынан муздак чынжыр системасын чыңдоого көрсөтүлгөн олуттуу колдоо тууралуу маалымат берилди.
Анын алкагында адистештирилген муздаткыч жабдуулар менен камсыздоо деңгээли 80%га жеткирилген. Ошондой эле вакциналарды өлкөнүн медициналык уюмдарына коопсуз жеткирүү үчүн рефрижератор-автоунаалар жана автопикаптар жеткирилгени белгиленди.