www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда дайынсыз адамды издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. 

Белгилей кетсек, кечээ, 12-февралда  Д.А. аттуу 59 жаштагы эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган.

Министр, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бүгүн, 13-февралда түнкү саат 3:00дөн тарта ӨКМдин аймактык башкармалыктарынан, ведомстволук түзүмдөрдөн жалпы 24 куткаруучу көчкү басып калган жаранды издөө иштерин жүргүзүштү. Натыйжада 10 баш койдун тарпы табылган. Бирок жаран табыла элек.

Куткаруучулар көчкү түшкөн аймактан 5 чакырым ылдый чабандардын үйүндө түнөккө калышат. 14-февраль күнү издөө иштери улантылат.

 

Последние новости