www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку эле жылдары Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Канатбек Исаев, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов ж.б. жоон топ лидерлер саясий куугунтук көрүшүп, камакка алынышкан.
Алар коркушкан эмес, түрмөдө болушса да күрөш жүргүзүшүп, эрктүүлүгүн көрсөтүп келишкен да...
Ал эми Мелис Мырзакматов коррупцияга айыпталып, камакка алынаарда чет өлкөгө качып кетип, коркоктугун далилдеген.
Кызматта жүргөндө «арстанга», «шерге» айланып, бош калганда шалпайып, кирерге тешик таппай, титиреп калган образын билесиңер да.
Бул суу жүрөк бир топ жыл Түркияда баш калкалап жүрүп, Октябрь төңкөрүшүндө келе калып, баягыдай жасалма баатырлыкка айланайын деди эле, бирок тилеги таш капты.
Көпчүлүк колдобой койду. Ал ортодо кылмыш иштеринен арылып, акталып алганга жетишти. Амалдуусун карасаң.
Кечээки «сөөлөттүү» Мелис элден чыгып калганын билген соң, жаңы бийликтин жинине тийүүгө даабай, «куйругун кыпчыган» бойдон Кыргызстандан чыгып кетти.
Күлкүң келет да, кээде «жүгүрүктөрүнө» өзүн мактатып, жасалма иретинде кур дымак күткүсү келет.
Жоок, элдин көзү көрөгөч, Мырзакматов «саясий өлүккө» айланган. Мезгил, тарых мындайларга өз баасын берери, ошентип тентитип салары айдан ачык эмеспи.
Булак: "Азия News" гезити