www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы 5-6-7-октябрдагы баш аламандыктар учурунда кен казган компанияларга жасалган чабуулдарга байланыштуу, көпчүлүк ишканалар ишин токтотуп, мамлекетке 300 млн. сомдой салык түшпөй калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров 10-декабрда Башкы прокуратурага караштуу Координациялык кенештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир эле «Эти Бакыр Терек-Сай» 2020-жылдын алгачкы тогуз айында 1 млрд. 200 млн. сом төксө, октябрдан бери болгону 6 млн. сом гана салык берди. Бул компаниянын иши убактылуу токтоп калганы менен байланыштуу.

Сабиров буга байланыштуу инвесторлор менен да сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеп, укук коргоо органдарын кен казган компанияларга кысым көрсөтүп жаткан кишилерге чара көрүүнү өтүндү.

Жыйынга катышып жаткан ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев саясий кризис учурунда өндүрүштүк ишканаларга кол салган фактылар боюнча 46 факты аныкталып, сотко чейинки тергөө иштери башталганын маалымдады. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул иштерди тез арада сотко өткөрүүнү талап кылды.

5-6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Жамгыр алтын кенин иштеткен «Вертекс Голд Компани» ишканасы, Чаарат алтын кенин иштеткен «Chaarat Gold» компаниясы да жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.

Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жана ушул эле райондогу Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» компаниясы да өндүрүшүн токтоткон. Алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес.

Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги 4-декабрда билдирүү таратып, Кыргызстанда дээрлик эки айдан бери ишсиз отурган 5 миңге жакын тоо-кенчи жана металлург өкмөттөн ишти улантууга кепилдик күтүп жатканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости