www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Садыр Жапаров шайлоо жана референдумга добуш берди

Бүгүн, 11-апрелде президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берди. Ал Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат.

Белгилей кетсек, эртең мененки саат 08.00гө карата өлкөдөгү добуш берүү тилкелери ачылды. Жалпы 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости