www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«Сизди жана жалпы боордош Өзбекстан элин Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Эгемендүүлүк алган жылдардан тартып Өзбекстан Республикасы күчтүү жана туруктуу демократиялык мамлекетти куруу менен бирге социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасап келет. Ошондой эле Өзбекстан чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө чоң ийгиликтерге ээ болуп, эл аралык жана аймактык маселелерге кошкон салымы үчүн дүйнөлүк аренада да татыктуу орунду ээледи. Бул Сиздин реформаторлук көрөгөчтүгүңүздүн жана чечкиндүү кадамдарыңыздын натыйжасы», – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттер ортосунда жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүлгөн кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы бирге күрөшүүгө даяр экенин билдирип, Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык, бакубат жашоо каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости