www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЕАЭБ өлкөлөрү өз ара эсеп-кысапта улуттук валюталарды активдүү пайдаланышы керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда билдирди.
Ал белгилегендей, жалпы каржы рыногун жандандыруу багытында иш алып баруу зарыл. Өткөн жыл каржы рыногунда өз ара кызматташууну жеңилдетүү керектигин көрсөттү.
«Улуттук валюталардын курсунун түшүп кетиши тышкы инфляция менен катар жалпы суроо-талаптын төмөндөшүнө карабастан бүтүндөй союз боюнча керектөө баасынын өсүшүнө алып келди», — деген Жапаров.
Ал өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды жигердүү колдонуу менен валюта чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө басым жасоону сунуш кылды.
«Бул үчүн тышкы инфляциянын «азык-түлүк куржунундагы» товарларга болгон таасирин теңдештирүү менен катар биримдикке мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарында соода-финансылык операцияларды жүргүзүүнү камтыган натыйжалуу механизмди ойлоп табуу сунушталат», — деп белгиледи президент.
Ошондой эле, ал улуттук төлөм тутумдарын колдонуп жана интеграциялоо менен бирдиктүү төлөм мейкиндигин тез арада түзүү керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg