www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров 52 жашка толду

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бүгүн туулган күнү. Ал 52 жашка толду.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары Жапаровду куттукташууда.

Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Эки жогорку билими бар. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн.

Эмгек жолу:

1991-1994 — “Солтонкул” дыйкан чарбасынын жетекчиси;

1994-1996 — “Кергей” нефти компаниясынын директору;

1996-1997 — Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;

1997-2001 — Мунай зат ташыган “Гузель” компаниясынын башкы директору;

2001-2005 — Балыкчы шаарындагы “Нурнефтегаз” мунай компаниясынын башкы директору;

2005-2007 — Жогорку кеңештин депутаты, “Келечек” фракциясынын жетекчиси;

2006 — Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;

2007 — Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;

2008-2010 — Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;

2010-2013 — Жогорку кеңештин депутатты, сотттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси.

Эске салсак, 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Экс-депутат 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости