www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Тараптар ынак коңшулаштык, өз ара сый жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлдеги саясий диалогун жана динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешти.
Соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого, көп пландуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана региондо туруктуу өнүгүүнү, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.