www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 15-майында Нарын шаарындагы К. Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде Салттуу кол өнөрчүлүк борборунун жана сүрөтчү Залкарбек Эсенкановдун “Ата мээнети – эне мээрими” аттуу жеке көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чара Эл аралык музейлер күнүнө карата ICOM тарабынан жарыяланган “Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик” темасынын алкагында уюштурулду.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова, ЮНЕСКОнун алдында иш алып барган Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча Эл аралык маалыматтык жана тармактык борборунун (ICHCAP), Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана кол өнөрчүлөр катышты.
Жаңы ачылган борбор салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү максатында түзүлүп, шырдак, ала кийиз, сайма, зергерчилик, өрмөк согуу жана башка улуттук өнөр түрлөрүн жайылтууга багытталган.
Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, көргөзмөлөр жана этно-көрсөтүүлөр уюштурулду.
Мындан тышкары Эл аралык музейлер күнүнө арналган “Түнкү музей” акциясы өткөрүлүп, коноктор үчүн интерактивдүү программалар, көргөзмөлөр жана маданий иш-чаралар сунушталат.