www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кытайды Вашингтондун башкы геосаясий атаандашы деп атады. Ал Fox News телеканалына берген маегинде Кытай АКШ үчүн негизги чакырык экенин белгиледи.
«Ооба, геосаясат жагынан бул биздин негизги чакырык, бирок ошол эле учурда Кытай менен мамилени өнүктүрүү да өтө маанилүү», — деди Рубио.
Анын айтымында, АКШ менен Кытайдын кызыкчылыктары көп учурда дал келбейт.
«Биз муну тынчтыкты сактап, согуштардан качуу жана дүйнөдө туруктуулукту кармап туруу үчүн туура башкара билишибиз керек», — деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, формалдуу түрдө АКШнын мамлекеттик катчысына Кытайга кирүүгө тыюу салынган. Анткени Марко Рубио Кытайды катуу сынга алып, Пекинге каршы АКШ санкцияларын илгерилеткенине байланыштуу ал сенатор кезинде чектөөлөргө кабылган.
Ошого карабастан, АКШнын мамлекеттик катчысы Дональд Трамп менен бирге Пекинге барып, расмийчилердин катарын толуктады.
WSJ жазгандай, Рубио Кытайга баруу үчүн атын «өзгөртүүгө» туура келген. Эми Рубионун фамилиясынын биринчи мууну башка кытай иероглифи менен берилип, ал «лу» деп окулат. Бул ыкма дипломатиялык булактардын айтымында, Рубио кызматка киришердин алдында — 2025-жылдын январына жакын ойлоп табылган.
Санкциялык тизмелерде мурдагы жазылыштагы Рубио деп көрсөтүлгөн, ал эми «Лубио» деген вариант болсо сапарларга чектөөсүз колдонулууда.
Дүйнө коомчулугу бул көрүнүштү Марко Рубионун Кытайдын санкциялык тизмесинен айланып өтүү амалы, деп талкууга алышууда.