www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Мамлекет башчысы элчиге жемиштүү ишмердүүлүгү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы маанилүү социалдык-экономикалык, анын ичинде жеткиликтүү турак жайларды, ооруканаларды, мамлекеттик мектептерди куруу жана инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышкандыгын белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мындан аркы кызматташтык өз ара түшүнүшүү жана ишеним духунда өнүгө берерине үмүт артып, Элчиге мындан аркы кесиптик ишине ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Сауд Аравиясынын элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради кыргыз тарапка анын дипломатиялык миссиясынын мезгилинде көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Падышалык Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө умтуларын ырастады. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жогорку деңгээлге жеткенин жана тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Ибрахим бин Ради Аль-Радини Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.