www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров РФ лидери Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди, ошондой эле россия элин Россия күнү менен куттуктайм. 12-июнь — бул Россиянын жаңы тарыхындагы маанилүү дата. Ал мамлекеттин улуу тарыхын, маданиятын, көп улуттуу элинин биримдиги менен күчүн даңазалайт", — деп айтылат куттуктоодо.
Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле тарыхый достукка, өз ара сый-урматка жана колдоого негизделип, элдердин жалпы жыргалчылыгына багытталган.
"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий диалог, ар кыл тармактардагы жемиштүү кызматташтык жана евразиялык интеграция алкагындагы өнөктөштүк мындан ары да өнүгүп, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде чыңдала берет деп ишенем", — деди мамлекет башчы.
Куттуктоосунун соңунда Садыр Жапаров Владимир Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми россия элине тынчтык жана бакубат жашоо каалады.