www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды.

Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Негизги керектөөчүлөр болуп “Таза суу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык тузүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат.

Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган.

2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды, муну менен катар 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү.

Мамлекет башчысы продукцияны даярдоо технологиялык процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алды.

Президент ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоонун зарылдыгын белгиледи.

Андан соң Садыр Жапаров Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде үстүбүздөгү жылдын март айында дарыянын 17 чакырым тилкесинин абалына талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер башталды.

Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштеринин баарын ушул жылдын 15-апрелине чейин бүткөрүү пландаштырылган.

Президент Садыр Жапаров суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Последние новости