www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты.

Парадга ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты.

Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү.

Андан соң лидерлер Тяньаньмэнь аянтындагы парадга катышуу үчүн байкоо аянтчасына жөнөштү.

Салтанаттуу жүрүштүн башында мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору учуп өттү. Андан кийин жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди алып жүргөн бөлүктөр жана Кытайдын аскердик техникаларынын колонналары өтүштү. Парадды аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу аяктады.

Последние новости