www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура тарабынан Кара-Суу районундагы 229 млн сомдук кыш заводу жана 2,4 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Маалыматка ылайык, бул жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Манас (мурдагы — Нариман) айыл өкмөтүндө жайгашкан 2,4 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан баасы 229 млн 750 миң сомду түзгөн кыш завод 2.475 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды