www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-июлда коллегиялык жыйында Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн биринчи жарым жылдык жыйынтыктары каралганын Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Анда бир катар жетекчилердин ишине баа берилип, жетекчилерге төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:
- Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу Ноокат районунун акими Э.А. Чакибаевдин иши жетишсиз деп табылды;
-Өзгөн районунун биринчи орун басары А.Р. Дуйшеевге инвестициялык карта жана стратегиялык план иштелбегендиги үчүн эскертүү берилди;
- Араван районунун биринчи орун басары А.И. Ахматовго мамлекеттик тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш жарыяланды;
Мындан тышкары, билим берүү тармагындагы жетишпестиктер үчүн Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары талаптагыдай камсыз кылуу чараларын көрбөй, айрым кемчилдиктерге жол берип, жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыктары белгиленди.
Алты айыл өкмөт башчысынын жана бир шаар мэринин орун басарынын иши жетишсиз деп бааланды.
Ошондой эле Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин иши жетишсиз деп бааланды жана район жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды.