www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту чыңдоо, айыл чарба, маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров Кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктап, Кытай Эл Республикасынын өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытайды маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын айтып, эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатканын айтып, ошол эле учурда бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык өнөктөштөр мыйзамдарды так сактап, кыргыз элинин каада-салтын жана маданиятын урматтап, ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүшү керектигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Ван И Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жеткирди.

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстандагы реформалардын багытын жогору баалап, алар өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана калктын бакубаттуулугунун жогорулашына өбөлгө түзүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.

Последние новости