www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБ тарабынан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, экстремизмдин алдын алуу жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн адам аныкталган.

Аны кармоо иштери Ош ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Кармалган жаран — коңшу мамлекеттин 1999-жылдын 21-апрелинде туулган А.А. аттуу жараны экени маалымдалды.

Учурда кармалган адам мыйзам талаптарына ылайык Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын иши боюнча тиешелүү тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Последние новости