www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда сел коркунучу, климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга таасири жана калктын коопсуздугу боюнча маалыматтык брифинг өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын директору Даурбек Сакыев катышты.
Брифингде өлкөдөгү учурдагы гидрометеорологиялык абал, сел коркунучтарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг жана Кыргызгидромет тарабынан эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Даурбек Сакыев сел кырдаалы, кооптуу аймактар, сел жүрүү коркунучу бар калктуу конуштар, ошондой эле табигый кырсыктардын пайда болуу себептери жана акыркы жылдардагы өзгөрүү тенденциялары тууралуу айтып берди.
Ошондой эле Кыргызгидрометтин аба ырайы жана гидрометеорологиялык божомолдору Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алдын алуу иш-чараларын пландаштырууда колдонулары белгиленди.
Брифингде климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн тездик менен эриши жана бийик тоолуу көлдөрдүн абалы сел, суу ташкыны жана мөңгү көлдөрүнүн жарылуу коркунучтарына таасир этери талкууланды.
Кыргызгидромет гидрометеорологиялык байкоо тармагын жаңылоо, заманбап мониторинг технологияларын киргизүү жана калкты эрте кабарлоо системаларын өнүктүрүү иштерин улантууда.
Даурбек Сакыев климаттын өзгөрүүсү шартында так байкоолордун, ишенимдүү божомолдордун жана заманбап эскертүү системаларынын мааниси жогорулап жатканын белгиледи.
Анын айтымында, бул чаралар табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтып, адамдардын өмүрүн сактоого жардам берет.
Мындан тышкары, Кыргызгидромет БУУ, Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүп, гидрометеорологиялык кызматты модернизациялоо жана климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу багытында иштерди жүргүзүүдө.