www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 26-мартта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын Тайбэй улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды.

Матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын курама командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюнчуларды колдоо үчүн 13 миңден ашык күйөрман келди.

Оюн аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын футбол командасын ишенимдүү жеңиши менен кийим алмаштыруучу бөлмөсүнө барып, куттуктады.

Садыр Жапаров футболчулардын даярдык деңгээлин, машыктыруучу штабдын ишин жогору баалап, күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн улуттук курама командасы мындан ары да эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишүүсүн каалады. Ал эми мамлекет өз кезегинде спортчуларга толук колдоо көрсөтөт.

Эскерте кетсек, 21-мартта Кыргызстандын курама командасы Кытайдын Тайбэй курамасы менен Гаосюн шаарында (Кытай Эл Республикасы) беттешкен. Анда оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасынын жеңиши менен аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости