www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин

Чек ара кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Ата Мекенибиздин чек арачыларынын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктаймын!

Чек ара коопсуздугун камсыздоо өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен көз карандысыздыгын сактоо тутумунда өзгөчө роль ойнойт. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекеттик башкаруунун толук кандуу тармагы болуп саналат. Бул татаал механизмде алдыңкы орунду Чек ара кызматы: анын инфратүзүмү, техникалык каражаттары, курал-жарактары жана негизги бөлүгү – өздүк курам ээлейт.

Кайсы мезгил болбосун, өлкө тынчтыгын бузуп, душман бастырып киргенде, чек арачылар алгачкы соккуну тосушат. Өткөн кылымдагы Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында болобу, же Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бир канча жолу орун алган оор кагылышууларда болобу, чек арачылардын каармандыгы, эрдиги буга далил.

Кымбаттуу Мекен чегине жооптуулар!

Ар дайым эл четинде, жоо бетинде туруп, Ата Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо милдети сиздерден эң алды менен мекенчилдикти, жогорку жоопкерчиликти, кесиптик чеберчиликти дайыма жогорулатып турууну, дене тарбия жана моралдык-психологиялык күжүрмөндүүлүктү талап кылат.

Мамлекетибиз мындан ары да чек ара кызматынын аброюн көтөрүүгө, бул кызматтын сапатын жогорулатууга, мамлекеттин чегин ишенимдүү коргоого, кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга, чек арачылардын социалдык жактан камсыз болушуна кам көрүүнү улантат.

Урматтуу чек ара кызматкерлери жана ардагерлер!

Ар жыл сайын 28-майда улуттук чек ара кызматынын калыптанышынын башында тургандарды – чек ара кызматынын ардагерлерин куттуктоо жакшы салтка айланды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоого ант берип, мындай ары татаал, ары сыймыктуу милдетке башын байлап, өмүрүн арнаган ардагер чек арачыларыбызга, бүгүнкү күндө бул ыйык милдетти аткарып жаткан эр-азамат уул-кыздарыбызга чың ден соолук, кажыбас кайрат жана албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Асманыбыз ачык болуп, журтубузда бейпилдик орносун! Майрамыңар ар дайым тынчтыкта, кубануу, сыймыктануу сезими менен белгиленсин!

Чек арачылардын бардык муундарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө бакубат жашоо тилейм!"

Последние новости