www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Салымбековдун иниси «наркотик» менен колго түшкөнү эмне үчүн ачыкталган жок

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков кийинки кезде Аскар Салымбековдун кадамын санап артынан түшүп жүрөт. Анткени, АКШ Конгрессине таянып Кыргызстанды курутуп жаткан бул маалымат борбору Кыргызстандагы баш көтөргөн адамдарды соруш керек деп тапшырма алгандай. Ушундай жемкорлордун айынан «Азаттык» маданият министрлигинин айыңынан жабылганы турат.

Толук бүтө элек ишти, Терентьевдин үйүн айтып турат. Ал үйдү салуу Аскар Салымбековдун планында бар экен. Үй салынат, турган жери тосулуп даярдалып жаткан учурда микрофонун алып Ыдырыс Исаков чыга калды. Ыдырыс Исаков чукуп берсе унчукпайт экен деп ойлоп турат.

1. Ыдырыс Исаков айтып жаткан жерден элдер көп өтпөйт.

2. Курулуш толук бүтө элек.

3. Бул жердин планы башкача.

4. Аскар Салымбеков ар бир ишти ойлонуп мыйзамдын чегинде жасайт.

Салымбеков, тоюз, Мааткабылов парламентке депутаттыкка талапкер болуп жүргөн. Ал шымын булгап кетти окшойт эргул парламентке депутат болбой баңгизаттарды ташып күн көрүп калыптыр. ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган атайын операциядан кабар алсак, Рысбек Мааткабылов баңгизат менен колго түшүп калат. Бул ишти Тимур Жообасаров жетектеп, Бишкектин Медеров-Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Аламүдүн базарынын» генералдык директору Рысбек Мааткабыловду баңгизат менен колго түшүрүп алат. Бирок бул иш эмнеге ачыкталган эмес?

Ортодон Мелис Турганбаев кийлигишип, 30 миң доллар парага сүйлөшүп, чыгарып кеткендей? ИИМдин тар чөйрөсүндө мындай «бармак басты, көз кысты» коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу кесепети талкууга алынып аткан чак. Рысбек Мааткабылов олигарх Аскар Салымбековдун иниси болот. Байлар билгенин жасап, кылмышка илинип, милицияга түшүп калса акчаны күчү менен чыгып кеткени ушулбу?

Аскар Салымбеков деле жутунбай эле Кой-Таш айылында бир топ жерди, Кегетиде, Татырдагы бир топ жерди, Аламүдүндүн жанындагы паркты, Алматинская көчөсүнүн боюнун баарын өзүнө чыгарып алган убактылуу деп, азыр менчик кылып албадыбы. Эмне үчүн Салымбековго окшогондор баңгизаты менен кармалса да эч ким унчукпай жүрө бериш керек.

ИИМдин бангизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султановдун артынан дайыма чуулгандар токтобой келет. Баш прокуратура козгогон 25 кылмыш иши боюнча «түйүндөр» чечиле элек. Октябрь РИИБин жетектеп тургандагы былыктары боюнча. Бишкектин Медеров-Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Аламүдүн базарынын» генералдык директору Рысбек Мааткабыловду баңгизат кармалганы тууралуу сөз кылсак.

Бул боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, баш прокурор Курманкул Зулушев иликтөө, териштирүү жасатабы? Рысбек Мааткабыловду колго түшүрүү учурунда шопурун сырткары спецназ тартылып, жоон топ өздүк курам күбө болуп жатса, аягы «жым-жым» таризинде жыйынтыкталганы кандай? Кыскасы, биздин суроолор жерде калбасына ишене туралы. Күч органдарында тазалык, мыйзамдуулук болбосо, элге кайсы үлгү көрсөтөбүз? Көп кыңыр иштерден суурулуп чыгып жүргөн Улан Султанов бул саам кандай таризде амалданат экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости