www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сабыр байке, көнүмүшкө айланып бараткан “узун кеп” маегибизди уланталы. Сөздүн нугун жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурунда берген убадаларына, анан жакында жар салган, ЖМКрегиондорду өнүктүрүү демилгесине, ЖМКлардагы мамлекет башчыга карата айтылып жаткан сын пикирлерге бурсам деп турам. Ушу тууралуу ой бөлүшсөңүз, кандай дейсиз, учурдагы иш аракеттер купулга толуп жатабы?

- Биз Акаев, Бакиев шайланганда катуу кубанып, мактап, колдоп, ушунчалык оптимистик маанайда болгонубуз эсимде. Анан бара-бара, шашпай эки-үч жылдан кийин гана кылган кылыктарына жараша сындай баштачу элек. Анан ошо эки эски жетекчилер өлкөнү жардын кырына алып барып, качып жоголгондон уламбы (?), айтор бийликке болгон ишенчилик түк жоголуп, кимиси бийликке келбесин, эртеси эле аванс түрүндө шыбап баштамай адатка айланып калгандай. Коом алдын ала, терс жолго түшүп кетпесин деп сактанып, кулак кагыш кылып жаткандай жана ошону менен бирге Алмазбек Атамбаевге болгон нааразычылыктар автоматуу түрдө жаңы бийликке өтүп жаткандай сезилет. Сооронбай Жээнбековдон мурунку бийликтин адилетсиздиктерин жоюусун, эски бийликтин куйруктарынан арылуусун, заманды адилет, демократиялуу нукка буруусун талап кылып жатышат. Бул, коомубуздун мурунку режимдин эрежелеринен тажаганынын, жаңыланууну, өзгөрүштөрдү, өнүгүүнү көксөгөнүнүн белгиси деп баалашыбыз керек. Айтылып жаткан сын-пикирлер ушундай өткөн доорго, анан азыркы аракеттерге канагаттанбоого гана байланыштуу болуп, жаңы президент тарабынан кечирилгис, олуттуу катачылык кеткен жок. Ошондуктан азыр сын айтуу эрте. Жок дегенде, эл аралык нормадагыдай 100 күн өтсүн да. Ал эми региондорду өнүктүрүү демилгеси абдан туура ойлонуп, көтөрүлгөн демилге болгондуктан коомчулук туура кабылдап, колдоого алды. Борбор калаадагы, башка шаарлардагы элдин көбүнүн тамыры ошо айылда. Анүстүнө, бул маселеге деги эле жеткиликтүү көңүл бөлүнбөй, айыл өнүкпөй, жумушсуздук күч алып, элеттиктердин турмуш шарты начарлап, баары эле шаарларга, чет жактарга чейин самсаалап, азап тартып жатканы жалган эмес. Сооронбай Жээнбеков айылда туулуп, өскөндүктөн элеттеги элдин турмушун жакшы билет. Айыл өнүкпөй Кыргызстан өнүкпөйт! Ошондуктан жалпы коомчулук тарабынан бул демилге колдоого алынууда.

- Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда коррупция маселесине өзгөчө маани берип, 35 коррупционердин тизмеси бар экенин айтты эле. Президент болуп шайлангандан кийин да бир эки ирет “мен Алмазбек Шаршеновичтин коррупция менен болгон күрөшүн улантам” дегенсигени бар. Бирок серепчилер бул багытта иштер байкалбаганын каңкуулашуда. Сиз кандай дейсиз?

- Кыргызстан коррупция гүлдөп өскөн өлкөлөрдүн тизмесинде жүрбөйбү. Андай жерде өнүгүү болбойт. Ошон үчүн коррупция менен албетте күрөшүш керек. Бирок, “мен Алмазбек Шаршеновичтин коррупция менен болгон күрөшүн улантам” дегени мага жаккан жок. “Мен коррупция менен күрөштү баштайм” десе туура болмок. Анткени эл көрүп турат Атамбаевдин кандай күрөшкөнүн. Коррупционерлерди саап-саап туруп коё берип, айрымдары камалгандын ордуна кызматка туруп, каяша айткандардын көбүнө жалаа жаап, коррупция беренеси менен камап таштады. Анан ошондой ишти улантабы? Анда жакшы атка, атакка ээ болбойт. Эл Сооронбай Жээнбековду “адилет падыша болот”- деп күтүп жатат. Элдин үмүтү бу сапар да таш каппай, өнүп, өскөн, бакубат жашаган элге айланышыбыз керекпи?

- 35 коррупционердин тизмесин аттап кеттиңиз. Анан ушу коррупция менен болгон күрөш тууралу кеп болгондо эле экс президенттин таасири күч болуп атканы тууралуу айтылууда. Экс-президенттин ишенимдүү адамдары Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаевдер жаңы президентти курчап тургандан улам ушундай сөздөр чыгып жатат да. Соцтармактарда “Кыргызстан президенттик башкаруудан экс президенттик башкарууга өттү” деген сыяктуу какшыктар жайнап кеткенин кандай баалайсыз?

- Тизмени жарыялагандан кийин чара көрүш керек болот. Чара көрүш үчүн далилдер керек. Анан 35 коррупционер деп тизмени окуп салса, анан убакыт өтүшү менен эч кимиси камалбай эле чардап жүрсө кандай болот. Ошондо даана уят болот да. Ошон үчүн тизмени окубай эле коррупционерлерди четинен камап баштасын. А биз санап турабыз да анан айтабыз, “болду 35 болду” деп. Анан, сен айткандай жаңы президенттин аракеттерине экс президенттин адамдарынын таасири болуп жатканы, ушу жагдай “чечкинсиз, эскиге көз каранды” деген пикирлерди жаратып, Сооронбай Жээнбековдун аброюна көлөкө түшүрүп жатканын танып болбойт. Экс-президенттин адамдары атайылап жаңы президенттин кадыр- баркын төмөндөтүү үчүн аракеттерди көрүп жаткандай сезилет. Сапар Исаков кадрдык жүрүшүнөн кийин “мен жеке чечимим” деп мактанып, андан соң “президентти парламент шайлашы керек” деп жар салып, эми болсо “тышкы саясат Конституция боюнча премьер министрдин иши” дегенсип, Давоско кетип калды. Атамбаевдин убагында иштеген антиконституциялык мыйзам (тышкы саясатты премьер-министирден алып президентке ыйгарган мыйзам, Өмүрбек Текебаев менен Каныбек Иманалиевдин Атамбаевге ыйгарган белеги) Сооронбай Жээнбековдун убагында иштебей калдыбы? Конституция үстөмдүк кылат десе талаша да албайсың. Эртең ал мыйзамды артка кайтарса президент тышкы саясатка катышуусу чектелиши да мүмкүн. Анда кандай болот? Ушунун баары эле атайылап президенттин аброюн төмөндөтүү максатында, экс президенттин тапшырмалары менен жасалып жаткандай көрүнүүдө. Алмазбек Атамбаев деле досун, партиялашын президент кылуу чечимин кабыл алганда кандайдыр бир шарттарды койгон үчүн жаңы президенттин мүмкүнчүлүктөрү ошондой ченелүү болуп жаткан чыгаар. Бирок, мен ойлойм, Сооронбай Жээнбеков убакыттын өтүшү менен мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын экс-президенттин кызыкчылыгынан жогору койуп, баарын өз-өз ордуна койот. Ага анын акылы, тажырыйбасы жетет деп ишенем. Ал эми азырынча экс-президенттин таасири күч экенин сот процесстеринен эле байкоого болот. Жаңы президент Атамбаевдин убагында башталган сот иштери ошо эски буйрук берилген боюнча эле кетип баратканы көрүнүп турат. Канат Исаевди 12 жылга кесип, катаал өкүм чыгарылышы менен, -“соттор дагы деле менин колумда” деп сөөмөй кезеп тургандай сезилет. Дагы деле таасири күч экенин билдирүү менен калбыры бар депутаттардын, чиновниктердин, байлардын коркуп турушун көздөп жатат. Себеби өзү жарыя кылган саясатка кайра кайтып келүү планы бар да. Анан парламентти таркатып, кайра шайлоо өткөрүүгө туура келип калабы (?), айтор, баары ошентип, ийилчеек болуп дирилдеп турганы керек болуп тургандай.

- Сөздүн учугу айттырбай эле кезексиз парламенттик шайлоо темасына келип калды. Ушу тууралуу кеп салыңыз. Кандай дейсиз, кезексиз шайлоо болобу же болбойбу?

- Ушу темага жаңы жылдын астында , анан өткөн жумада да кайрылганбыз. Бүгүн деле кайра кезексиз шайлоо темасына кайрылып жатабыз. Себеби саясатчылардын оозунан түшпөй баштары маң болуп, тынымсыз талкуулап жатышат. Мен деле бул суроого алгылыктуу жооп бере албайм. Канча депутат, саясатчы, журналист менен сүйлөштүм, бири болот дейт, бири болбойт дейт. Кимисине ишенээриңди билбейсиң. Бул кезексиз шайлоо тууралу кептердин чыгышына экс-президенттин “саясатка кайра кайтып келем” дегени себеп болгондой. Атамбаевдин андай каалоосу бар. Ал саясатка кайра толук кандуу кайтып келүүсү үчүн шайлоо керектүүдөй сезилет. Алы, күчүн жетиштүү сезсе кезексиз шайлоо уюштурганга барышы толук мүмкүн. А эгерде, шайлоонун жыйынтыгынан шекшине турган жагдай бар экени байкалса анда кезексиз шайлоого барбай шүк отурушу да мүмкүн.

- Бийликте жалаң өз адамдары отурса, админстративдик ресурс колдорунда турса, каражат жагынан эч кандай мүчүлүштүк жок болуп турса, элибиз акчага добушун соодалаганга маш болсо шайлоодо акчалуулар эле жеңип келатса, кандай шекшинүүлөр болушу мүмкүн?

- “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту”- деген кеп бар эмеспи. КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков 54 пайыз добуш алып президент болду. Өмүрбек Бабановго добуш берген алты жүз миң, Адахан Мадумаровго добуш берген 100 миң, Темир Сариевге добуш берген 35 миң ж.б добушун берген шайлоочулар негизинен КСДПга оппонент болгон шайлоочулар. Сооронбай Жээнбековго түштүк тараптагылар негизинен негизинен “жердешибиз, өзүбүздүн балабыз эмеспи” деп колдошту. А парламенттик шайлоодо андай болбойт. Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев, Ахматбек Келдибековдор “Ата-Журт” партиясынын астына түштүктүн тың чыкмаларын топтоп жатат, Өмүрбек Бабановдун штабдары аларга кошулаары, андан соң Ысык-Көл, Нарын, Чүйдүн мыктылары менен бириксе “Ата-Журт” 2010-жылдагы ийгилигин кайталап коюшу толук мүмкүн дегендер да бар. Андан тышкары Адахан Мадумаров, Исках Масалиев, Жантөрө Сатыбалдиевдер өзүнчө топ болуп чыгаары айтылууда. Андан тышкары Атамбаев менен жоолошуп калган Убактылуу окмөттөгү революциячыл соратниктери, Азыркы созывдан бийликтин тизмесине илинбей калчу саясатчылар, олигархтар турат. Атамбаев кайрадан күчтөнүп келсе чүнчүтүп бүтөөрүн түшүнгөн Сооронбай Жээнбеков деле өз алдынча бир партияны колдошу толук мүмкүн. Андыктан, ишенич жок. “Мүйүздүү болом деп кулагынан айрылып” калышы да ыктымал. Ушундай ой толгоолордон улам ишенимдүү түрдө шайлоо болот же болбойт деп айта албай, бара көрөбүз деп эле койуп жатам.

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ,

Булак: "Майдан. kg" гезити

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости