www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руанда бийлиги өлкө аймагында он миңге жакын евангелисттик чиркөөнү жапты. Расмий маалыматтарга ылайык, мындай чечим 2018-жылы кабыл алынган мыйзамдын талаптары аткарылбагандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Аталган мыйзамга ылайык, диний уюмдар санитардык жана өрт коопсуздугуна жооп бериши, каржылык отчеттуулукту толук жүргүзүшү жана пасторлор теологиялык билимге ээ болушу керек.

Президент Пол Кагаме бир нече жолу евангелисттик чиркөөлөрдү кескин сынга алып, айрымдарын “коомго пайдасы жок”, атүгүл “бандиттердин уюгу” деп атаган. Анын айтымында, өнүгүү, коопсуздук жана улуттук аман калуу маселелери турган шартта мындай уюмдардын ролу күмөндүү.

Ошол эле учурда байкоочулар чиркөөлөрдүн жабылышын жөн гана мыйзамдын аткарылышы эмес, таасирдүү институттарды көзөмөлдөөгө багытталган саясий кадам катары баалашууда. Аналитиктердин пикиринде, Руанда бийлиги коомдо өз алдынча таасирге ээ болгон бардык түзүмдөргө сактык менен мамиле кылат.

Натыйжада, калктын басымдуу бөлүгү христиандар болгон өлкөдө миңдеген жарандар ибадат кылуу үчүн алыскы аймактарга каттоого аргасыз болууда. Айрым диний лидерлер талаптарга жооп берген чиркөөлөр да жабык бойдон калып жатканын айтып, чечимдин адилеттүүлүгүнө күмөн санашууда.

Эксперттер бул саясат 1994-жылдагы геноцидден кийинки коопсуздук коркунучтары менен да байланыштуу экенин белгилешет. Ошол эле маалда, коомдо “коопсуздук менен дин эркиндигинин ортосундагы баланс сакталдыбы?” деген суроо ачык бойдон калууда.

Последние новости