www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин миграциялык көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган мыйзамдарга кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, төлөнбөгөн же жоюлбаган соттуулугу бар чет өлкөлүк жарандарга Россияда мыйзамдашуу процедураларынан өтүүгө тыюу салынат.

Эми чет элдиктер убактылуу жашоого уруксат (РВП), жашап турууга уруксат (ВНЖ) жана жарандык алуу үчүн документ тапшырганда соттуулугу бар же жок экенин тастыктаган маалымкат берүүгө милдеттүү.

Эгер текшерүү учурунда жарандын жоюлбаган соттуулугу аныкталса, ага документтерди тариздөөгө баш тартылат же буга чейин берилген уруксаттар жокко чыгарылышы мүмкүн.

Ошондой эле чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга негиз боло турган административдик укук бузуулардын тизмеси кеңейтилди.

Мындай чара эми Россиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 45 беренеси боюнча колдонулушу мүмкүн.

Алардын арасында полиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, коомдук тартипти бузуу, Россиянын Куралдуу күчтөрүнө байланыштуу аракеттерди каралоо жана өлкөгө каршы санкцияларды киргизүүгө чакырыктар сыяктуу укук бузуулар бар.

Последние новости