www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Ленинград облусунда мектеп окуучусу ванна бөлмөсүндө телефон колдонуп жаткан учурда электр тогу уруп, каза болду. Бул тууралуу Gazeta.Ru басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя Бокситогорск шаарында болгон. Сыртта сейилдеп келгенден кийин өспүрүм жуунууну чечип, өзү менен кошо уюлдук телефонун жана аны кубаттоочу түзмөктү ваннага алып кирген. Атасы баласын муздак абадан кийин жылуу бөлмөгө кирип уктап калды деп ойлогон.
Бирок өспүрүм телефонун сууга түшүрүп жиберип, натыйжада электр тогу уруп, ошол жерден каза болгон. Дарыгерлер келгенге чейин анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калган.
Белгилей кетсек, буга чейин да Россиянын Владимир облусунда ушуга окшош окуя катталып, ваннада заряддагычка туташкан телефон колдонуп жаткан өспүрүмдүн өмүрү кыйылган.
Адистер мындай кырсыктарды алдын алуу үчүн суу бар жайларда электр шаймандарын, айрыкча заряддагычка туташкан уюлдук телефондорду колдонбоону эскертишет.